Эртең Бишкекте маршрутка айдоочулары иш таштайбы? Мэриянын жообу

Мэриянын өкүлдөрү жол кирени көтөрүү боюнча маселе Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары жыйынга чогулса эле кабыл алынарын белгилешти.
Sputnik
БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Социалдык тармактарда жана айрым ЖМКларда эртең, 2-июнда, борбор калаада маршрутка айдоочулары иш таштай турганы боюнча маалымат тарап жатат.
Айдоочулар январда май айына чейин жол кирени көтөрүү боюнча мэриянын убадасы аткарылбай жатканына нааразы экени айтылды. 
Калаа мэриясынын маалымат кызматы Sputnik Кыргызстанга бул боюнча иш алып барып жатканын билдиришти.
“Кечээ, дүйшөмбү күнү, жүргүнчүлөрдү ташыган фирмалардын жетекчилери мэрияга келип 10 чакты айдоочу иш таштап, митингге чыгууга үндөп жатканын кабарлашкан. Алар фирманын башчыларын укпай, ушундай кадамга барууга камынганын айтышкан. Мындан улам мэрияда акимдер жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен биргеликте жыйын өтүп, кырдаал талкууланды”, — деп айтылат маалыматта.
Ошол эле учурда мэрия жол кирени көтөрүү боюнча маселе Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары жыйынга чогулса эле кабыл алынарын кабарлады.
Бишкектеги маршрутка айдоочулары күнүнө канча акча табат? Видео
“Мэрия жыл башында айдоочуларга берген убадасынан тайган жок. Жол кирени көтөрүү боюнча токтом долбоору даярдалган, аны жакында эле Экономика жана финансы министрлиги жактырды. Шаардык кеңеш токтом кабыл алып берсе жаңы тариф күчүнө кирет”, — деп билдиришти муниципалитеттен. 
Ал эми Жүргүнчүлөрдү ташуу ассоциациясынын башчысы Алтынбек Доспаев иш таштоо тууралуу кабары жоктугун айтты.
Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 18-19-январында айрым маршрутка айдоочулары жумушка чыкпай коюшкан. Алар жол кире акысын 5 сомго жогорулатууну талап кылып, жол акы 2012-жылдан бери көтөрүлө электигин белгилешкен.