Бабанов менен экс-депутаттарды колдогондор митингге чыкты. Сүрөт, видео

Саясатчылар Кумтөр боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында кечээ, 31-майда, УКМК тарабынан кармалган.
Sputnik
БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабановдун жана экс-депутаттар Исхак Пирматов менен Талант Узакбаевдин тарапташтары Биринчи май райондук сотунун алдында митинг өткөрүп жатышат.
Кумтөр боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында аталган саясатчылар кечээ, 31-майда, УКМК тарабынан кармалган. Бүгүн алардын бөгөт чарасы каралары күтүлүүдө.
1 / 7
Мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабановдун жана экс-депутаттар Исхак Пирматов менен Талант Узакбаевдин тарапташтары Биринчи май райондук соттун алдында митинг өткөрүп жатышат
2 / 7
Кумтөр боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында аталган саясатчылар кечээ, 31-майда, УКМК тарабынан кармалган
3 / 7
Бүгүн алардын бөгөт чарасы каралары күтүлүүдө
4 / 7
Азырынча алар сот имаратына алып келине элек
5 / 7
Учурда колуна плакат көтөргөн 100гө жакын адам чогулду
6 / 7
Анда “Бабанов кыргыз элинин сыймыгы”, “Бабанов Кыргызстандын кызыкчылыгын коргойт”, “Ак ийилет, бирок сынбайт” деп жазылган
7 / 7
Бабанов менен экс-депутаттарды колдогондор Биринчи май райондук соттун алдында митингчилер
Азырынча алар сот имаратына алып келине элек. Учурда колуна плакат көтөргөн 100гө жакын адам чогулду. Анда “Бабанов кыргыз элинин сыймыгы”, “Бабанов Кыргызстандын кызыкчылыгын коргойт”, “Ак ийилет, бирок сынбайт” деп жазылган.