БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабановдун жана экс-депутаттар Исхак Пирматов менен Талант Узакбаевдин бөгөт чарасын кароо эртеңкиге жылдырылды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, Кумтөр боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында аталган саясатчылар кечээ, 31-майда, УКМК тарабынан кармалган. Мыйзам боюнча, кармалгандан кийин 48 сааттын ичинде бөгөт чарасы тандалышы керек.
УКМКнын маалымат кызматы алардын иши бүгүн Биринчи май райондук сотунда караларын билдирген.
Ал эми райондук соттун маалымат кызматы бул боюнча материалдар келип түшпөгөнүн белгиледи.
Ал арада сот имаратынын алдына кармалган саясатчылардын тарапташтары чогулган. Митингчилерге бөгөт чарасын кароо жылганы боюнча маалымат берилди, бирок азырынча алар тарай элек.