БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Акыркы күндөрү кармалган саясатчылар УКМКнын тергөө абагындагы шартка нааразы эмес, ден соолуктары да жакшы экенин айтышты. Бул тууралуу Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун директору Бакыт Рысбеков билдирди.
Бүгүн ал мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов, эл өкүлдөрү Асылбек Жээнбеков, Төрөбөй Зулпукаров, мурдагы депутаттар Исхак Пирматов, Талант Узакбаев жана Бишкектин экс-мэри Азиз Суракматовдон кабар алган.
"Алар тергөө учурунда эч кандай кыйноого кабылбаганын айтышты", — деди Рысбеков.
Буга чейин УКМК "Кумтөр" иши боюнча коррупцияга шектүү деп бир нече саясатчыны кармаган. Ал эми Бишкектин мурдагы мэри Суракматов мыйзамсыз баюу жана коррупцияга айыпталууда. Жээнбеков, Зулпукаров жана Суракматов соттун чечими менен УКМКнын тергөө абагына эки айга камалышты. Калгандарынын баш коргоо чарасы карала элек.