Сибирь (амур) жолборсу 1980-жылы Кызыл китепке киргизилген. 1996-жылы жырткычтын бул түрүн тукум курут болуудан сактап калуу үчүн атайын парк уюштурулган.
Бул жай учурда Кытайдын Харбин шаарына жакын жердеги Сунгар дарыясынын боюнда жайгашкан. Ал 356 гектар аймакты ээлейт.
Маалыматта паркта 800гө чукул жолборс жашаары айтылган.