Түндө Ысык-Көлдө жер титиреди

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор болгон жок. Ал Ак-Суу районунун Кургак айылында 3,5 баллга жана Таш-Короо айылында 3 баллга чейин сезилген.
Sputnik
БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Ысык-Көл облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө болду. Бул тууралуу Сейсмология институтуна таянуу менен ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Жердин силкинүүсү 31-майда саат 00:08де катталган. Ал Ак-Суу районунун Кургак айылында 3,5 баллга жана Таш-Короо айылында 3 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.