Жаачы Ынтымак Мурадил уулу Түркиядагы мелдеште коло медаль утту. Сүрөт

Стамбулда өткөн мелдешке 16 мамлекеттен келген 33 жаачы катышып, кыргызстандык Ынтымак үчүнчү орунга татыды.
Sputnik
БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Түркияда өткөн эл аралык турнирде кыргызстандык жаачы Ынтымак Мурадил уулу коло медаль алды. Бул тууралуу маалыматты Sputnik агенттигине спортчу өзү тастыктады.
Мелдеш 27-29-май күндөрү Стамбулда болду. Ага 16 мамлекеттен 33 жаачы катышып, Ынтымак үчүнчү орунга татыды.
Салбуурун федерациясынын өкүлдөрү турнирге Ынтымак Мурадил уулунан тышкары Асел Садырова да жөнөтүлгөнүн, бирок байгесиз кайтканын билдиришти.
Мурадил уулу 27 жашта, жаа атуу менен төрт жылдан бери алектенип келет. Салбуурун федерациясынын мүчөсү.