"Спутник V" Sinopharm вакцинасына караганда арзан. Бейшеналиевдин билдирүүсү

Парламенттик комитет Дүйнөлүк банк бөлгөн 20 миллион долларга вакцина сатып алуу маселесин карайт.
Sputnik
БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Россиялык "Спутник V" кытайлык Sinopharm (Vero Cell) вакцинасына караганда арзаныраак деп билдирди саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев ЖК комитетинин жыйынында.
Биринчи айым Айгүл Жапарова коронавируска каршы вакцина алды
Депутаттар министрден кайсы вакцинаны сатып алуу каралып жатканын сурашты. Бейшеналиевдин айтымында,  ДССУнун уюму менен Вакцина жана иммундаштыруу боюнча глобалдуу (COVAX) альянста кытайлык Sinopharm вакцинасы бар. Аны учурда Кыргызстан колдонуп жатат.
"Тизмеде алты вакцина болсо, анын ичинде кытайдыкы да бар. Бирок долбоор күчүнө киргенге чейин россиялык "Спутник V" вакцинасын да катташат болушу керек, себеби комиссия карап жатат. "Спутник V" препаратынын эки дозасы 20 доллар, ал эми Sinopharm 32-33 доллар турат", — деди министр.
Эске салсак, Кыргызстанда Sinopharm вакцинасын каалаган ар бир адам сайдырса болот, марттын соңунда гуманитардык жардам катары 150 миң доза келген. Ушундай эле санда дагы бир партиясы келмекчи. Учурда Кыргызстанга 40 миң доза "Спутник V" алып келинген. Аны каалагандардын баарына эмес, 65 жаштан өйдөгүлөргө жана өнөкөт оорусу барларга сайылууда.