Сууда сүзүүчү Денис Петрашов Монакодо өткөн мелдеште коло утуп алды

Денис Петрашов Олимпиадага жолдомо алган кыргызстандык спортчулардын катарында. Ал мындай мүмкүнчүлүктү алгачкы болуп алган.
Sputnik
БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Кыргызстандык сууда сүзүүчү Денис Петрашов эл аралык "Марк Нострум" (Монако тилкеси) мелдешинде коло медалга ээ болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Сууда сүзүү федерациясы билдирди.
Спортчу 100 метрди брасс ыкмасы менен бир мүнөт, 1,96 секундда сүзүп өттү. Мелдеш 29-30-май күндөрү Монте-Карлодо (Монако) болгон.
Белгилей кетсек, Петрашов 2019-жылдын июль айында Түштүк Кореяда өткөн дүйнө чемпионатында сууда сүзүүнүн брасс түрүнөн 100 метр аралыкты бир мүнөт 0,94 секундада багындырып, Токио Олимпиадасына жолдомо уткан. Ал кыргызстандык спортчулардан алгачкы болуп Олимпиадага катышууга мүмкүнчүлүк алган.