Бүгүн Бишкекте улук сержант 1000 доллар пара алып жатканда кармалды. Сүрөт

Опузалап 12 000 доллар талап кылган милиция кызматкерин борбор калаанын түштүк-батыш тарабынан ИИМ менен УКМК биргелешип кармаган.
Sputnik
БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Бишкек шаарында 1000 доллар пара алып жаткан учурда милициянын улук сержанты кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.
1 / 2
Бишкек шаарында 1000 доллар пара алып жаткан учурда милициянын улук сержанты кармалды
2 / 2
Азыркы учурда мындан аркы иликтөө Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине өткөрүлүп берилген.
2021-жылдын 7-май күнү ИИМдин Ички иликтөө кызматына У.Б. аттуу жаран опузалап пара талап кылып жаткан милиция кызматкерине карата тиешелүү чара көрүү арызы менен кайрылган. Териштирүүнүн жүрүшүндө жогорудагы кызматкер сотко чейинки өндүрүштү оң жагынан чечип берүү үчүн 12 миң доллар талап кылганы аныкталган.
ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен УКМК опузалап пара алуу фактысы боюнча милиция кызматкерин борбор калаадагы Бакаев-Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинен кармаган.
"2021-жылдын 31-майында Бишкек шаарынын Бакаев-Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинен 1000 доллар алып жаткан учурда ИИМдин Күзөт кызматынын Ведомстволук милиция полкунун кызматкери, милициянын улук сержанты А.А. кармалды. Андан сырткары, баңгизатты пайдалангандыгын тастыктоо үчүн күбөлөндүрүүдөн өткөрүү учурунда анын баңгизатты пайдалангандыгы аныкталды", — деп билдирди ИИМдин маалымат кызматы.
Азыркы учурда мындан аркы иликтөө Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине өткөрүлүп берилген.