Болгону 30 киши чакырган. Улуу Британиянын премьери жашыруун үйлөнгөн

56 жаштагы Борис Жонсон жана анын 33 жаштагы колуктусу Кэрри Саймондстун тоюна болгону 30 чакты киши келген.
Sputnik
БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон жана Кэрри Саймондс баш кошконун Sun басылмасы жазды.
​Маалыматта салтанаттын Вестминстерск соборунда болгону айтылган. Ага премьердин атасы жана бир тууганы баш болгон 30га чукул конок чакырылган.
56 жаштагы Борис Жонсон жана анын 33 жаштагы колуктусунун баш кошкон салтанаты классикалык музыканын коштоосунда болгону айтылат.