Садыр Жапаровдун администрациясынын түзүмү. Бөлүмдөрдүн тизмеси

Жаңы Конституция боюнча ажо аткаруу бийлигинин башчысы болуп, президент менен өкмөттүн мурдагы аппараты өлкө башчынын бирдиктүү администрациясына айланды. Мындан улам президенттин администрациясында жаңы бөлүмдөр түзүлдү.
Sputnik
БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Президент Садыр Жапаровдун администрациясында 26 бөлүм бар.
Эске салсак, 5-майда Кыргызстандын жаңы Конституциясына кол коюлуп, анда өлкө президенттик башкарууга өткөнү жазылган.
Жаңы Конституция боюнча ажо аткаруу бийлигинин башчысы болуп, президент менен өкмөттүн мурдагы аппараты, өлкө башчынын бирдиктүү администрациясына айланды. Мындан улам президенттин администрациясында жаңы бөлүмдөр түзүлдү.
Администрацияны Сүйүнбек Касмамбетов жетектейт. Анын биринчи орун басары Медербек Сатыев. Мындан тышкары, үч орун басары бар. Алар: Бектур Зулпиев, Адылбек Касымалиев жана Жеңишбек Асанкулов.
Президенттин сайтында жазылгандай, администрациянын түзүмүнө президенттин кеңешчилери, маалымат катчы, өлкө башчынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана Жогорку Кеңеш, Конституциялык сот, Коопсуздук кеңешинин катчылыгы, Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдүн катчылыгындагы министрлер кабинети кирет.
Мындан тышкары, президенттин администрациясынын канцеляриясы жана министрлер кабинетинин чек ара маселелери боюнча атайын өкүлчүлүгү дагы бар.
Бөлүмдөрдүн тизмеси:
Президенттин сайтынан бөлүм башчыларынын тизмесин көрүүгө болот.