КТРК Токио Олимпиадасын түз алып көрсөтөт

КТРК келе жаткан жайкы жана кышкы Олимпиада оюндарын кыргызстандыктарга түз алып берүү укугуна ээ болду.
Sputnik
БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Кыргызстандын коомдук телерадиокмпаниясы Токиодогу Олимпиада оюндарын түз алып берерин анын маалымат катчысы Медер Шерметалиев Sputnik Кыргызстанга билдирди.
Көптөн күткөн спорттук иш-чараны күйөрмандар эми эки — КТРК жана "КТРК Спорт" телеканалдарынан көрө алышат.
1 / 3
Кыргызстандын коомдук телерадиокмпаниясы Токиодогу Олимпиада оюндарын түз алып берерин анын маалымат катчысы Медер Шерметалиев Sputnik Кыргызстанга билдирди
2 / 3
Коомдук телерадиокомпаниянын президенти Бактияр Алиев менен "Акнет" компаниясынын жетекчиси Нурбек Абасканов тиешелүү келишимге кол койду
3 / 3
Токиодогу Жайкы Олимпиада оюндарын жана Пекиндеги Кышкы Олимпиада оюндарын түз алып көрсөтүүгө укук алынган.
Коомдук телерадиокомпаниянын президенти Бактияр Алиев менен "Акнет" компаниясынын жетекчиси Нурбек Абасканов тиешелүү келишимге кол койду. Токиодогу Жайкы Олимпиада оюндарын жана Пекиндеги Кышкы Олимпиада оюндарын түз алып көрсөтүүгө укук алынган.
Токиодогу Олимпиада оюндары 23-июлдан 8-августка чейин көрсөтүлөт. Кыргызстандан аталган спорттук иш-чарага 13 спортчу барат.