КРдин мыкты спортчулары Японияга учуп кетүүгө даяр. Сүрөт

Сүрөттөн курама командага алардын капитаны Валерий Кичин, жарым коргоочу Гүлжигит Алыкулов, Эдгар Бернхар жана дагы башкалар келип кошулганын көрүүгө болот.
Sputnik
БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Футбол боюнча Кыргызстандын курама командасы толугу менен чогулду. Бул туурасында Кыргызстандын футболдук союзунан билдиришти.
"Оюнчулар Улуттук кураманын карамагына өтүштү. 31-майда жана 1-июнда курама команда Бишкекте кыска мөөнөттүү окуу-машыктыруу жыйынын өткөрөт жана 2-июнда Дүйнө чемпионатынын тандап алуу баскычынын алкагындагы оюндарга даярдык көрүү үчүн Японияга учат", — деп айтылган маалыматта.
Сүрөттөн алардын капитаны Валерий Кичин, жарым коргоочу Гүлжигит Алыкулов, Эдгар Бернхар жана дагы башкаларды көрүүгө болот.
Мурдараак Александр Крестинин жетекчилик кылган штаб курама командага чакырылган оюнчулардын тизмесин жарыялаган.
Беттештердин жүгүртмөсү: