COVID: алты киши көз жумду. 30-майдын статистикасы

Каза тапкандар Бишкек шаарынан, Чүй жана Ысык-Көл облустарынан катталды. Эпидемия башталгандан тарта вирус 1803 бейтаптын өмүрүн алып кетти.
Sputnik
БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Кыргызстанда соңку суткада COVID-19дан алты киши көз жумду. Бул туурасында Республикалык штабдан кабарлашты.
"Үч адам Бишкек шаарынан, экөө Чүй облусунан жана бир бейтап Ысык-Көл облусунан каза тапты", — деп айтылат маалыматта.
Кечээ бул оорудан 9 адамдын каза болгону тууралуу кабарланган.
Эпидемия башталгандан тарта илдет 1803 бейтаптын өмүрүн алды.