"Кеште" мода үйүнүн жетекчиси Каарова: кыргыздын аялдары өзүнөн акча аяп турат

Ош шаарында "Кеште" мода үйүнүн жеке көргөзмөсү өтүп, көрүүчүлөргө эң сонун эмоция тартууланды. Аталган мода үйүн негиздеген дизайнер Назгүл Каарова жаш болсо да чет мамлекеттерге чыгып дүйнөлүк бренддер катышкан мода жумалыгында кыргыз кийимин даңазалап келет.
Sputnik
Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы "Кеште" мода үйүнүн жетекчиси Назгүл Каарова менен маектешип, анын ийгиликтери, ишмердиги тууралуу сүйлөшкөн.
— Сиз жетектеген "Кеште" мода үйү 2018-жылы Миланда өткөн мода көргөзмөсүнө да катышып келген экен...
— Негизи эле "Кеште" мода үйү расмий түрдө 2015-жылы ачылган. Алгач Ош шаарындагы көргөзмөлөргө катышып, алдыңкы орундарды алып баштаганбыз. Кийин сунуш түшүп, "Көчмөндөр оюндарына" катышуу менен андагы сынакта 1-орунду алып келдик. Ошол жерден Казакстанда өтүүчү дүйнөлүк деңгээлдеги Aspara Fashion көргөзмөсүнө Айдархан Калиев чакырган. Казакстанда биздин коллекциябыз башталгыч дизайнерлердин арасындагы эң мыкты коллекция катары табылып, Мilan fashion week көргөзмөсүнө катышууга чакыруу түштү. Миланга абдан катуу даярдандык. Алгач кетип жатканда дүйнөлүк масштабдагы мода борбору биздин коллекциябызды кандай кабыл алар экен деп түйшөлгөнбүз.
Ош шаарында "Кеште" мода үйүнүн жеке көргөзмөсү өтүп, көрүүчүлөргө эң сонун эмоция тартууланды
Аталган көргөзмөгө бардык мамлекеттен барышыптыр. Биздин кийимдерибиз аларга экзотика көрүнүп, абдан сонун кабыл алышты. Негизи этноколорит бардык жерде дайым өзгөчөлөнүп тургандыктан аларга да биздин жараткан эмгегибиз кызык болду. Көргөзмөгө канчалык өзгөчөлөнгөн коллекция келсе, анын рейтинги да ошончолук өсөт эмеспи. Ошол себептен да чет өлкөгө сунуштар көп болууда. Миландан Сербия, Парижге чакыруу алганбыз. Бирок пандемияга байланыштуу бара албай калдык. Кудай буюрса, эпидемиологиялык кырдаал жакшырса көптөгөн чет мамлекеттерге барып, кыргыздын улуттук кийимдерин даңазалоо планыбызда бар. Негизи эле "Кеште" мода үйүн Кыргызстан эле эмес дүйнө жүзү тааный турган бренд болот деген амбициялуу пландар менен негиздегенбиз. Жакында эле Ошто жеке көргөзмөбүздү уюштурдук. Чет мамлекеттердеги ар кандай мода сынактарына катышканыбыз менен Кыргызстанда жеке көргөзмөбүздү өткөрө элек болчубуз. Оштон кийин Бишкекте дагы өткөрүү планыбызда бар. Ошондой эле улуттук кийимдерибизди той-топурларда эле кийбестен ар дайым кие тургандай жараталы деген максат койдук.
Аталган мода үйүн негиздеген дизайнер Назгүл Каарова жаш болсо да чет мамлекеттерге чыгып дүйнөлүк бренддер катышкан мода жумалыгында кыргыз кийимин даңазалап келет.
— Негизи коңшу өлкөлөр менен да тажрыйба алмашып турсаңыздар керек. Өзбек менен казактардын дизайнерлери деле этностилге көңүл бурушат эмеспи...
— Ооба, Миланга барып келгенден кийин Өзбекстанга бардык. Алар бардык чыгымдарыбызды төлөп беришти. Ташкентте да мода жумалыгы жогорку деңгээлде өттү. Өзбек бийлиги да ушул индустрияны колдоп, дүйнөлүк дизайнерлерди, Голливуд жылдыздарынын кийимдерин камсыздаган ASHI Studio өңдүү белгилүү бренддерди чакырып, мыкты көргөзмө уюштуруп коюшту. Аталган иш-чарадан Бухарада өтүүчү көргөзмөгө үч коллекция тандалып алынышы керек эле, өзгөчөлүгүн белгилеп бизди тандап алышты. Андан кийин Бухарада дүйнөлүк бренддин өкүлдөрү мени өздөрүнө чакырып, "коллекция абдан сабаттуу, мыкты жасалыптыр" деп Кыргызстан тууралуу сурап, маданиятыбызга кызыгышты. Дүйнөлүк дизайнерлер эмгегибизди баалаганда сүйүнүп, ишеним артты. Өзбекстан Fashion week фестивалында мекенибизди уят кылбастан кыргыздын кийимдерин татыктуу көргөзгөнүбүзгө бир эсе сыймыктанып жүрдүк. Бирок ошол сезимдерибизди бул жактагыларга жеткире алган жокпуз. Андан кийин дароо эле Екатеринбургга бардык. Ал жакта да көргөзмө абдан сонун өттү. Көптөгөн мамлекеттерге, анын ичинде Түркияга да чакыруу алганбыз.
— "Кеште" деп атап койгонуңуздун себеби эмнеде? Маанисине токтоло кетсеңиз.
— Буга чейин эле элибиз "көйнөктүн кештеси", "туштуктун кештеси" деп айтып келген. Кеште — бул сайылган сайма дегенди билдирет, башкача айтканда, оюулардын композициясы. Оймо дегенде кийизден оюп жасап, ар кандай оюу түшүрөт эмеспи. Ушундай эле саймалардын да ар биринин өзүнүн мааниси бар.
Каарова: "Кеште" мода үйү расмий түрдө 2015-жылы ачылган. Алгач Ош шаарындагы көргөзмөлөргө катышып, алдыңкы орундарды алып баштаганбыз
— Сиздер көбүнчө саймага көңүл бурат экенсиздер. Аларды жаңыча иштеп чыгасыздарбы же мурдатан эле келе жаткан кыргыз саймаларын колдоносузбу?
— Биз команда менен иштейбиз. Командада дайыма сегиз, кээде он бешке чейин адам эмгектенет. Бизде бычмачы, дизайнер, саймачы, саймага көрк берген сүрөтчү, технолог, конструктор бар. Негизинен жетекчи, башкы дизайнер катары кийимдерди өзүм ойлоп табам. Технолог, конструкторго оюмду түшүндүрүп бергенден кийин алар аны ишке ашырып беришет. Ал эми саймалар тууралуу өзүнчө бир китеп чыккан. Негизи ар бир сайма мааниге ээ. Аларды курап отуруп, бир композиция иштеп чыгабыз. Мындан тышкары, мурунку туш кийиздерде, белдемчи, буюмдарда сакталып калган эски саймалар бар. Ошолорду эле кайрадан жаңылап пайдаланабыз. Сайма — бизге ата-бабадан мурас катары калган байлык. Ошол мурас унутулуп калбасын деп аларды кайрадан жаңылап, жаңы, заманбап кийимдерге айкалыштырууга салымыбызды кошуп келе жатабыз. Ушуну менен катар эле "Кеште" мода үйүнүн өзүнүн кол тамгасы катары ойлоп тапкан саймалары бар. Бул саймалар да маанисин, кооздугун жоготуп туш келди сайылган эмес.
— Байкашымча, азыр кыргыз айымдары көбүнчө кыргыз орнаменттерине кызыгып, улуттук кийимдерге басым жасап калышты. Кийип да жүрүшөт. Ушул жагына кандай баа бересиз? Чындыгында эле кыргыз айымдарынын кийинүү стили өзгөрүп бара жатабы?
— Туура айтасыз, улуттук орнаменттер менен кийингендер көбөйүп баратат. Мындан эки-үч жыл мурун эле дүкөнгө кийим алуу үчүн келген кыз-келиндердин "бул улуттук стилдеби, жок, мен мындай көйнөктөрдү кийбейм" дегенин угуп абдан көңүлүм түшчү. Неге өзүбүздүн кийимибизди кийгибиз келбейт, тескерисинче, тойлордо, офисте деле сыймыктануу менен кийишпейби, бул сонун көрүнөт да деп ойлончумун. Бизде негедир кыргыз орнаменттери менен тигилген кийим-кечени жашы өткөн аялдар же айылдыктар киет деген стереотип калыптанып калган. Бара-бара дизайнерлерибиз ошол стереотипти бузуп, улуттук кийимдерди да заманбап, бардык муунга ылайыктап чыгара башташты. Азыр трикотаждарды да башкача, жаңыча түс менен алып чыгуу максатыбыз бар. Буюрса ишке ашат деп турам.
Каарова: Казакстанда биздин коллекциябыз башталгыч дизайнерлердин арасындагы эң мыкты коллекция катары табылып, Мilan fashion week көргөзмөсүнө катышууга чакыруу түштү
— Бирок ошол эле учурда улуттук стилде, болгондо да кыргыз орнаменти менен заманбап кийинүүнү каалаган айымдардын баары эле буга жете албай келет. Коомдогу ар кандай деңгээлдеги кыз-келиндердин каалоосун канааттандыра аласыздарбы?
— Негизи эксклюзив кийимдерге ар бир чебердин көп убактысы кетет. Ошол эле саймага саймачынын бир жума убактысы, конструктордун бир күнү сарпталат. Бул жагын да эске алышыбыз керек. Албетте, эксклюзивдер арзан эмес. Алар бирин-экин гана болгондуктан базардагыдай ар бир экинчи адам кие албайт. Ушул жагы бар. "Кийимдериңер сонун, бирок кымбат экен" деген сөздөр болуп жатканы үчүн биз масштабдуу түрдө чен-өлчөмү менен ар бир кийимден 50-100 даанадан чыгарып, баасын да көпчүлүктүн мүмкүнчүлүгүнө туура келтирели деп жатабыз. Бирок башка жергиликтүү бренддерге караганда биздин кийимдерибиз жеткиликтүү эле баада сатылат. Төрт-беш миң сомдон он миңге чейин алса болот. Мугалимдер сыяктуу мамлекеттин берген маянасын караган кызматкерлерге шарт түзүү максатында сапаты жакшы, бирок баасы 2-3 миң сомдук көйнөктөрдү чыгаруу жагын да карап жатабыз.
Каарова: дүйнөлүк масштабдагы мода борбору биздин коллекциябызды кандай кабыл алар экен деп түйшөлгөнбүз
— Эми кепти өзүңүзгө бурсак, сиз жасап жаткан ишти бардык эле айымдар алып кете албайт эмеспи. Оймо-чиймелерге кичинеңизден эле кызыкчу белеңиз?
— Негизи эле менин чоң энем саймачы болгон. Элдин кыздарынын себин, саймасын сайып берген чебер аял болуптур. Өзүмдүн апам да кичине кезибизде бир нерселерди кураштырып кийим тиге койчу. Анан дүкөнгө кезекке тура коюп башкача, элде жок бут кийимдерди алып берип, бизди элден өзгөчөлөнтүп кийиндиргенди жакшы көрчү. Кичине кезимден эле куурчактарга көйнөк тиге коймоюм бар эле. Аны атам байкап калып, 9-классты бүткөнүмдө: "10-11-классты окуп убактыңды кетирбей эле кой. Баары бир башталгыч класстан берки программаны кайталайсыңар. Андан көрө кесиптик лицейге тапшыра бер. Сен ошого кызыгасың", — деп жол көрсөткөн. Анан лицейде кенен профилдеги кийимдерди тигүү жаатында үч жыл окудум. Анда да атамдын "бул орто билим болуп калды, эми жогорку билим ал" дегенинен университеттен дизайнер жана сервис адистиги боюнча жогорку билимге ээ болдум. Бул жерде дизайнды, сүрөт тартканды, өңдөрдү айкалыштырганды үйрөндүм. Кудайга шүгүр, багыма мыкты мугалимдер туш болду. Азыр ал мугалимдер жок. Лицейде окуп жатканда да тиккенибизди кайра-кайра сөктүрүп, бизди сапатка үйрөткөн Наталья Алмазова деген эжекебиз бар эле. Университетте дизайн, сүрөткө тартуу жагынан Галина Богатеевага абдан ыраазымын. Ошол кишинин менде эмгеги чоң. Негизи жашоодо ар бирибизге мүмкүнчүлүк берилет экен. Адам аны көрө билиши керек. Себеби мени менен эле окуган студенттердин көбү ошол мүмкүнчүлүктү көрө алган жок. Университетти аяктагандан кийин дагы эжелердин аркасынан түшүп, көбүрөөк тажрыйба алуу максатында окуу жайда үч жыл иштедим. Ушул тармакта тажрыйба топтоого он жылдан ашык убакыт сарптадым. Андан кийин декреттик өргүүгө чыгып, ошону менен жеке ишкерликке кеттим. Азыркы ийгилигим көп жылдык мээнеттин аркасы менен келген.
Каарова: Миланга барып келгенден кийин Өзбекстанга бардык. Алар бардык чыгымдарыбызды төлөп беришти. Ташкентте да мода жумалыгы жогорку деңгээлде өттү
— Аталган мода үйүн дароо эле түптөп, иштетип кеттиңизби?
— Мен дароо эле "Кеште" мода үйүн негиздеген жокмун. Алгач "Назгүл" деген ат менен улуттук стилдеги үйлөнүү үлпөт көйнөктөрүнүн салонун ачтым. Аны үч-төрт жыл иштеткенден кийин тажай баштадым. Анткени бул иш менин табитим эмес экенин билчүмүн. Негизинен университетте окуп жүргөндө эле өзүнчө бренд ачуу максатым бар эле. Аны дүйнө жүзүнө таанытууну кыялданчумун. Кийинчерээк гана ошол максатымды ишке ашырууну колго алып, алгач мода үйүмдүн атын кантип атасам деп ойлонуп жүрдүм. Бир ирет ойлонуп отуруп эле кокусунан ушул аталыш оюма келип кетти. Ошону менен 2015-жылы менин максатыма мааниси жагынан да төп келген аталыштагы "Кеште" мода үйү ачылып калган.
— Алгач буга атаңыз түрткү берген экен. Ушундай ийгиликтерге жетишиңизди ата-энеңиз сыймыктануу менен кабыл алса керек?
— Атам, тилекке каршы, 2010-жылы эле, мен жеке бизнесимди түптөй электе инсульттан каза болуп калган. Өкүнүчтүүсү, ал киши менин жакшылыктарымды көрбөй калды. Апам азыр сүйүнүп турат. Бул ишти жолго коюу оңойго турган жок. Кыйналган күндөр болду. Ошондо апам "койчу, болду, кыйналып эмне кыласың, күйөөң деле багат" деп айткан күндөрү болгон. Бирок азыр ырас эле таштабай, улантып кетипсиң деп калат.
Каарова: Өзбек бийлиги ушул индустрияны колдоп, дүйнөлүк дизайнерлерди, Голливуд жылдыздарынын кийимдерин камсыздаган ASHI Studio өңдүү белгилүү бренддерди чакырып, мыкты көргөзмө уюштурду
— Бир жылда канча жолу коллекция чыгарууга жетишесиз?
— Биздин бренддин негизги өзгөчөлүгү да ушул. Башкача айтканда кийимдерибизди тез-тез жаңыртып, жаңылык киргизип турабыз. Бизге келген кардарлар ар дайым жаңы коллекцияга күбө болушат. Азыркы учурда бир жылда эки жолу жаңы коллекция менен жеке көргөзмө уюштуруп турууну пландаштырып жатабыз.
— Сиз өзүңүздүн брендден кийинесизби?
— Албетте. Айрым гана учурда башка брендден кийим алып калганым болбосо, көбүнчө "Кеште" мода үйүнөн кийинем. Кээде өзүм каалагандай дизайн иштеп чыгып, тигип алам. Анткени көбүнчө мен каалагандай кийим көп жерде жок, ошондуктан тигүүгө туура келет.
Каарова: Бухарада дүйнөлүк бренддин өкүлдөрү мени өздөрүнө чакырып, "коллекция абдан сабаттуу, мыкты жасалыптыр" деп Кыргызстан тууралуу сурап, маданиятыбызга кызыгышты
— Башка өлкөлөргө караганда кыргызстандыктар кийимге аябай басым жасашат дешет. Кошуласызбы?
— Жок, кошула албайм. Себеби биздин айымдар ар дайым эле өздөрүнө көңүл бөлүп, кийимге көп басым жасай беришпейт. Көбүнчө үй-бүлөсүн, балдарын ойлоп, өздөрүнө келгенде аянуу менен акча сарпташат.