Садыр Жапаров Жээнбековдун Ички аскерлер боюнча жарлыгын жокко чыгарды

Мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков ИИМдин Ички аскерлерин министрликтин Ички коопсуздук боюнча аскер кызматы деп атоо боюнча жарлыкка кол койгон.
Sputnik
БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Өлкө башчы Садыр Жапаров буга чейин экс-президент Сооронбай Жээнбеков демилгелеген "ИИМдин Ички аскерлеринин аталышын өзгөртүү жөнүндөгү" жарлыгын жокко чыгарды. Тийиштүү документке мамлекет башчы 2021-жылдын 8-майында кол койгон.
Ага ылайык, экс-президент демилгени 2019-жылдын октябрь айында көтөргөнү менен ишке ашпай токтоп калган.
Аталышты өзгөртүү жарлыгы ИИМдин Ички аскерлеринин тарыхый аталышын сактоо максатына байланыштуу дагы жокко чыгарылды.
Жарлык расмий жарыяланган күндөн тарта күчүнө кирет.