Жоокерлер сүрөткө түшүп, Байден тизелеп... Видео

Социалдык тармактар АКШ президентинин кезектеги кадамына ар кандай пикирлерди калтырууда. Көбү таң калгандыгын жашырган жок.
Sputnik
БИШКЕК, 30-май — Sputnik. АКШнын президенти Жозеф Байден аскерлер менен жолугуп сүрөткө түшкөндө сыңар тизелеп турган. Мамлекет башчысы катышкан иш-чаранын видеосу "Пул N3" деп аталган Telegram-каналга жарыяланган.
Бул окуя аскерлер менен жолугушууда болгон. Иш-чаранын соңунда ал аскерлерге сүрөткө түшүүнү сунуштаган.
Аскерлер тизилип турганда алардын алдына келген президент жанында турган отургучка таянып, сыңар тизелеп отура калган.
Трамп Байдендин учакка чыгып бара жатып жыгылганы боюнча үн катты
Сүрөткө түшүп бүткөндөн кийин туруп, андан соң ал аскерлер менен сүйлөшүүсүн уланткан.
Социалдык тармактар АКШ президентинин кезектеги кадамына ар кандай пикирлерди калтырууда. Көбү таң калгандыгын жашырган жок. Интернет-колдонуучулар арасынан АКШ лидеринин мындай кылганына күлгөндөр да болду.
Бул прездинттин тизелеген биринчи окуясы эмес. Мурдараак Пенсильвания штатындагы Скрантон шаарында нааразылыкка чыккандар алдында да тизе бүккөн.