Сегизбаевдин абалы боюнча УКМК айтып берди

Сегизбаевдин коронавирус инфекциясына чалдыгып калганы боюнча биринчилерден болуп анын жактоочусу маалымат берген.
Sputnik
БИШКЕК, 29-май — Sputnik. УКМКнын мурдагы жетекчиси Абдил Сегизбаев пневмониянын оор эмес жеңил формасына кабылып, учурда ооруканада дарыланып жатат. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалымат кызматынан кабарлашты.
"Сегизбаев ишемби, жекшемби күнү өзүн начар сезип, дене табы түшпөй жаткандыктан биздин кызматкерлер дүйшөмбүдө ооруканага жаткырышкан. Дарыгерлер анын пневмониянын жеңил формасына кабылганын айтышты", — деп билдиришти УКМКдан.
Эске салсак, Сегизбаевдин жактоочусу Кантемир Турдубаев анын эки өпкөсү пневмония болуп, №6 ооруканада кызыл зонада жаткандыгын айткан эле.
214 млн. сомдук иш. Жаныбек Абиров прокуратурага жооп берди
Башкы прокуратура Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин мурдагы башчысы Абдил Сегизбаевге карата алты кылмыш иши козголгонун, бир иш жашыруун грифи менен өтүп жатканын кабарлаган. Көбү атайын кызматтагы ишмердүүлүгүнө, ошондой эле жерлерди мыйзамсыз алууга байланыштуу.
Сегизбаев президенттикке талапкер болгон. Шайлоодон эки жума өткөндөн кийин, 25-январда, кармалган.