БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Беларустагы иш сапарынын алкагында Чыңгыз Айтматов атындагы сейил бакка барды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Мариповду элчиликтин өкүлдөрү жана тийиштүү жергиликтүү кызматкерлер коштоп жүрдү.
Ал ошондой эле Минск трактор заводуна барып, чыгарылып жаткан техниканын бир катар моделдери менен таанышты. Марипов Кыргызстанда Беларусь тракторлорунун таанымал экендигин белгилеп, мындан ары да кызматташууга ишенимин билдирди.
Министрлер кабинетинин төрагасы мындан сырткары Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, Советтер Союзунун Баатыры Жумаш Асаналиевдин эстелигине гүл койду.