Кыргызстан өндүргөн минералдык сууну Канада баштаган өлкөлөр сатып алат. Тизме

Кыргызстандын ичүүчү, газдалган жана минералдык суулары эң аз дегенде жети өлкөгө экспорттолот.
Sputnik
БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Ушул жылдын январь-март айларында Кыргызстан башка өлкөлөргө 1,4 миң тоннадан ашык ичүүчү суу саткан. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Мында минералдык суу, газдалган жана башка ичүүчү суулар бар.
197 644 литр минералдык жана башка суу сыртка сатылган:
Кыргызстанда картошканын экспорту 1,5 эсеге өстү. Статистика
Кыргызстан ичүүчү суунун дагы бир түрүн сатат.
Кумшекер кошулган минералдык жана газдалган суудан 1 миллион 239 миң 717,1 литр экспорттолгон:
Белгилеп кетсек, өткөн жылдын I кварталындагы көрсөткүчкө салыштырмалуу экспорт 300 миң литрге төмөндөгөн. Деген менен накталай акча иретинде алганда экспорттолгон товар ушул жылдын январь-март айларында кымбат болуп, 520 миң сомго жеткен.