COVID: 9 киши өмүрү менен кош айтышты, 356 адам ооруп калды. Соңку маалымат

Бир сутка ичинде каза болгондордун алтоо Бишкекте, бирөө Чүйдө, бирөө Баткенде, дагы бирөө Ысык-Көлдө дарыланып жаткан.
Sputnik
БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Өлкөдө акыркы суткада коронавирусту 356 киши жуктурду, 458 бейтап айыкты, тилекке каршы, тогуз киши өмүрү менен кош айтышты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги кабарлады.
Кыргызстанда пандемиядан бери COVID-19 инфекциясынын 104 222 учуру катталды. Анын ичинен 98 000 адам айыкты.
Акыркы суткада жуктургандар:
Айыккандар:
Бир сутка ичинде каза болгондордун алтоо Бишкекте, бирөө Чүйдө, бирөө Баткенде, дагы бирөө Ысык-Көлдө дарыланып жаткан. Жалпысынан каза болгондордун саны 1 797ге жетти.