Кыргызстандык дзюдочулар дүйнө чемпионатына аттанат. Тизме

Турнир июндун башында Венгриянын Будапешт шаарында өтөт. Ага төрт спортчу менен кошо эки машыктыруучу жана бир дарыгер жөнөтүлөт.
Sputnik
БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Дзюдо боюнча курама команда дүйнө чемпионатына катышарын Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги кабарлады.
Мелдеш 6-13-июнь күндөрү Венгриянын Будапешт шаарында өтөт.
Чемпионатка аттанчулар:
Спортчуларды дарыгер Иса Бичанов, улук машыктыруучу Сергей Мистрюков жана башкы машыктыруучу Абдужалил Юнусов коштоп кетет.
Курама команданын мүчөлөрү Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан жөнөтүлөт.