Бишкекте жекшемби күнү бир нече көчөдө жарык өчүрүлөт

Адатта "Түндүк электр" ишканасы иш күндөрү шаардыктарга алдын ала эскертүү берүү менен оңдоолорду жүргүзөт.
Sputnik
БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Бишкектин айрым жерлеринде жекшемби күнү, 30-майда, электр кубаты жок болот. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасы билдирди.
Электр энергиясы саат 9:00дөн 18:00гө чейин Токтоналиев, Медеров, Табалдиев жана Худайбергенов көчөлөрүнүн кесилиштеринде өчүрүлөт.
Бул убакытта кызматкерлер трансформатордук көмөк чордондун жабдууларын оңдошмокчу.
Адатта ишкана пландуу иштерди жумуш күндөрү шаардыктарга эскертүү берүү менен жасайт.