ЖК депутаттары экологиялык конгресстин жыйынында Кумтөр маселесин көтөрүштү

Депутаттар Каныбек Иманалиев менен Бактыбек Турусбеков өз баяндамаларында Кумтөр кенинин айланасындагы Кыргызстандын позициясын эл аралык эксперттик коомчулукка жеткиришти.
Sputnik
БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары менен Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин өкүлдөрүнөн турган кыргыз делегациясы Санкт-Петербургда өткөн Невский эл аралык экологиялык конгрессинин 9-жыйынына катышты. Бул тууралуу элчиликтен билдиришти.
Аталган жыйында эл аралык эксперттер жана чет мамлекеттердин тиешелүү мамлекеттик органдарынын жана мекемелеринин өкүлдөрү экологиялык көйгөйлөрдү талкуулашкан.
"Кыргызстандын делегациясы эл аралык экологиялык демилгелер жана өлкөнүн тоо экосистемасын коргоо жаатында кабыл алган чечимдери жөнүндө маалымат беришти. Ошондой эле депутаттар Каныбек Иманалиев менен Бактыбек Турусбеков өз баяндамаларында Кумтөр кенинин айланасындагы Кыргызстандын позициясын эл аралык эксперттик коомчулукка жеткиришти. Эл өкүлдөрү Ысык-Көл облусунун аймагындагы алтын кенди иштетүү учурунда экологиялык жана тоо-кен казып алуу ченемдери Centerra тарабынан бузулгандыгын маалымдашты", — деп айтылат маалыматта.
Депутат Каныбек Иманалиев эл аралык экологиялык уюмдардын өкүлдөрүн Centerra компаниясы менен болгон бул талаш-тартышта кыргыз тарапты колдоого чакырды.