БИШКЕК, 28-май — Sputnik. АКШнын "Ачык асман" долбооруна кайтып келбей турганы боюнча кабыл алган чечими Владимир Путин менен Жозеф Байдендин жакында боло турган саммитинин алдындагы абалды бузушу мүмкүн. Россиянын мындай билдирүүсү тууралуу РИА Новости жазды.
"Албетте, мындай кадам лидерлердин жолугушуусунда куралданууга көзөмөл жүргүзүү тематикасын талкуулоодо жагымдуу кырдаалды жаратпайт, бирок анда куралданууга көзөмөл кылуу маанилүү болуп турган учурда кеп мындан да кеңири күн тартибинде жүрөрүн белгилеп кетмекчимин", — деген РИА Новостиге ТИМ жетекчисинин орун басары Сергей Рябков.
Буга чейин АКШ аталган долбоордон чыгып жатканын жана "Россиянын тартип бузууларына" кейий тургандыгын айткан эле. ТИМ муну курулай доомат деп, ал эми макулдашуудан чыгуу жакшы эместигин айткан.
"Бул тармактагы окуялар үчүн күнөө Вашингтон менен АКШнын союздаштарында", — деген Рябков. Анткен менен Россия "Ачык асман" келишимисиз эле өзүнүн коопсуздугун коргой аларын белгилеген.
Путин менен Байден Женевада 16-июнда жолукмакчы.
"Ачык асман" боюнча долбоор
"Ачык асман" боюнча келишим 2002-жылдын 1-январында күчүнө кирип, кансыз согуштан кийин Европага болгон ишенимди бекемдөө чарасы катары кабыл алынган. Ал мүчө болгон 34 өлкөгө бири-биринин куралдуу күчтөр жана башка иш-чаралар боюнча маалыматын ачык жыйноого мүмкүнчүлүк берген.
2020-жылдын май айынан тарта АКШ аталган долбоор боюнча макулдашуу процедурасын баштап, ал күзүндө, 22-ноябрда, аяктаган.
2021-жылдын январында Москва "Ачык асман" келишиминен чыгуу үчүн ведомство аралык процедураны баштаганын жарыялаган. Анда Вашингтондун кадамынан улам башка мамлекеттердин кызыкчылыгынын теңдештиги бузулганы айтылган.
19-майда Мамдума документти денонсациялоо долбоорун колдоп, эми алты күндөн кийин, тагыраагы, 2-июнда аны парламенттин жогорку палатасы карамакчы.