БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Бишкектин мурдагы башчысы Азиз Суракматов УКМКнын Тергөө абагына эки айга киргизилгенин анын жактоочусу Евгений Савченко билдирди.
Мындай чечимди Биринчи май райондук соту кабыл алган.
Бишкектин мурдагы башчысын 26-майда кызматта турганда мыйзамсыз байыган жана коррупцияга аралашкан деген айып менен кармашкан. УКМК ал муниципалдык жерлерди коррупциялык схема менен коммерциялык имараттарды жана көп кабаттуу үйлөрдү курууга берип жиберген деп кабарлаган.
Маалыматка караганда, Суракматов тууганы, ЖКнын мурдагы депутаты Ж.Кудайбергенов менен биргеликте борбор калаанын түштүк бөлүгүнүн эң кымбат аймагынан 15 гектар жерди жеке менчигине өткөрүп алган.
Мындан тышкары, Бишкектин ар кайсы бөлүгүнөн жер участокторун узак мөөнөткө ижарага алып, туугандарына, аффилирленген тараптарга каттаткан деп маалымдалган.