Радио

Бакеев: республикадагы китепканаларда 19 миллиондон ашуун китеп бар

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин Маданий мурастарды сактоо жана өнүктүрүү башкармалыгынын башкы адиси Ринат Бакеев өлкөдө жалпысынан 1 064 китепкана бар экендигин айтты.
Sputnik
Пандемия учурунда бардык китепканалар жакшы иштеди. Көпчүлүгү окурмандарга онлайн-китептерди да сунуштап жатышты. Бул тууралуу Ринат Бакеев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтмында, республикада 2000ден ашуун китепканачы эмгектенет.
"Өлкөдө жалпысынан 1 064 китепкана бар. Алардын 200гө жакыны типтүү жайларда, 300дөйү маданий үйлөрдө, 400дөн ашууну кандайдыр бир мекемелердин ичинде жайгашкан. Булардын баарында жалпысынан 19 миллиондон ашуун китеп бар. Мунун 6 миллиону Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепканага тиешелүү. Китепканалар пандемия учурунда үзүрлүү эмгектеништи. Көпчүлүгү окурмандарды ыкчам тейлөө жана интернет аркылуу онлайн-китепканадан пайдалануу мүмкүнчүлүктөрүн түзүп, ар кайсы курактагы адамдардын каалоосун аткара алышты", — деди Бакеев.
Ал китепканачылар аз айлык маянасына карабай иштеген чыныгы кесипкөйлөр экендигин кошумчалады.