ӨКМдин суучулдары Казакстанда тажрыйбасы менен бөлүшүүдө. Сүрөт

Эки жумалык тренинг Жарандык коргонуунун эл аралык уюму тарабынан уюштурулууда. Ага кыргызстандык суучулдар эксперт-машыктыруучу катары чакырылды.
Sputnik
БИШКЕК, 28-май — Sputnik. ӨКМдин суучулдарды даярдоо жана суу алдындагы техникалык жумуштарды өткөрүү борборунун эки кызматкери Казакстанда эксперт-машыктыруучу катары тренингдерди өтүүдө. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады.
1 / 3
ӨКМдин суучулдарды даярдоо жана суу алдындагы техникалык жумуштарды өткөрүү борборунун эки кызматкери Казакстанда эксперт-машыктыруучу катары тренингдерди өтүүдө
2 / 3
Приозерск шаарындагы Суучулдарды даярдоо республикалык окуу борборунун базасындагы "Балхаш" акваториясында башталган машыгуу 6-июнда бүтөт
3 / 3
Тренингдин жүрүшүндө катышуучулар билимин, чеберчилигин көрсөтүп, тажрыйба алмашат
Приозерск шаарындагы Суучулдарды даярдоо республикалык окуу борборунун базасындагы "Балхаш" акваториясында башталган машыгуу 6-июнда бүтөт.
Музду чагып, суунун ичин тинткен куткаруучулар. ӨКМдин машыгуусу видеодо
Тренингдин жүрүшүндө катышуучулар билимин, чеберчилигин көрсөтүп, тажрыйба алмашат.
Эки жумалык тренинг Жарандык коргонуунун эл аралык уюму тарабынан уюштурулган. Ошондой эле уюштуруу ишине Россия ӨКМинин Жарандык коргонуу академиясынын машыктыруучу-эксперттери дагы тартылган.
Курстун аягында Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин суучул-куткаруучулары тарабынан сертификаттар ыйгарылат.