"Кумтөрдө" чет элдиктер калган жок, жетекчилик орундарды кыргызстандыктар ээледи

Кумтөрдө подрядчы компанияларды кошкондо жалпысынан 3500 кызматкер эмгектенет. Мурда анын 98,5 пайызын Кыргызстандын жарандары түзгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 28-май — Sputnik. "Кумтөр" сырткы башкарууга өткөндөн кийин бир да чет элдик жаран калган жок, бүт тармакта кыргызстандыктар иштеп жатат. Бул тууралуу "Кумтөр голд компани" ишканасынын өндүрүш боюнча директорунун милдетин аткаруучу Нурдин Үсөнов билдирди.
Анын айтымында, буга чейин жетекчилик кызматтарды 10го чукул чет өлкөлүк аркалачу, арасында канадалыктар дагы бар.
"Кумтөр голд компани" ишканасынын өндүрүш боюнча директорунун милдетин аткаруучу Нурдин Үсөнов
"Кумтөрдө подрядчы компанияларды кошкондо жалпысынан 3500 кызматкер эмгектенет. Мурда анын 98,5 пайызы Кыргызстандын жарандары болчу, азыр 100 пайызын түздү. Финансы, сатып алуу бөлүмүнүн директорлору жана компаниянын президенти сыяктуу жетекчилик кызматтарда 10го чукул чет элдик жаран иштечү. Катардагы адис катары да келип иштеп тургандар болгон. Ошол эле учурда жетекчилик орундардын көбүн өзүбүздүн жарандар ээлечү. Мисалы, мен 2011-жылдан бери алтын ылгоочу фабриканын менеджери болуп иштейм. Жакында эле өндүрүш боюнча директордун милдетин аткаруучу болуп дайындалдым. Менин кол астымда эле алты чет элдик эмгектенчү", — деди Үсөнов.
Белгилей кетсек, кыргыз өкмөтү 17-майда "Кумтөр голд компани" ишканасын убактылуу сырттан башкарууга алып, Теңиз Бөлтүрүктү жетекчи кылып дайындаган.