Instagram көпчүлүк күткөн функцияны ишке киргизди

Ал арада жаңы опцияны жактырбагандар да чыгууда. Анткени бул алардын популярдуу контенттерди аңдуусуна жол бербейт.
Sputnik
БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Instagram тиркемеси лентадагы постторго басылган лайктарды жашыра турган масштабдуу функцияны ишке киргизди. Бул тууралуу "Известия" маалымат булагы жазды.
Кыргызстанда угуусу начар балдар үчүн ыңгайлуу тиркеме иштелип чыкты
Instagram тармагынын белгилешинче, көптөгөн юзерлер социалдык басымдан арылуу максатында аталган функцияны киргизүүнү өтүнүшкөн. Муну менен катар айрым колдонуучулар лайк эсептегичтердин жашырылышына тескери көз карашын билдиришкен. Анткени бул көрүнүш алардын популярдуу контенттерди аңдуусуна жол бербейт.