Казакстандын ТИМ башчысы расмий сапар менен Кыргызстанга келди

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Казакстандын өкмөт мүчөсү эки күндүк иш сапары менен келгенин белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Бишкекке расмий иш сапары менен Казакстандын тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди келди. Бул тууралуу Кыргызстандын ТИМинин маалымат кызматы кабарлады.
Казакстандын чиновниги министр Руслан Казакбаевдин чакыруусу менен келди.
Кыргыз-казак чек арасында кезекке тизилген фуралар боюнча түшүндүрмө
Эки күндүк иш сапарда Тлеуберди өлкө башчысы Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов, тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен жолугат.
Мындан тышкары, "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине гүлчамбар коюп, бир катар маданий иш-чараларга катышары айтылды.
Сүйлөшүүдө кыргыз-казак кызматташтыгы тууралуу сөз болору пландалган. Өз ара соода жүгүртүүдөгү тоскоолдуктарды жоюуга жана жүк ташуучулардын эки өлкөнүн чек арасын тоскоолдуксуз кесип өтүүсүнө өзгөчө көңүл бурулмакчы.