Суктанып бүтпөй... Ааламдагы асман тиреген ажайып 10 имараттын сүрөтү

Sputnik

Кейпи кетип... Бишкектеги каралбай калган имараттардын жүрөк түшүргөн сүрөттөрү
Жалпысынан финалга акыркы эки жылда ишке ашырылган 160тан ашык долбоор кирди. Конкурстун уюштуруучусу, Бийик имараттар жана шаардагы айлана-чөйрө боюнча кеңеши белгилегендей, жаңы курулуш технологиялары жана өзгөчө чечимдер кабыл алынган долбоорлор тандап алынган. Сынактын финалы АКШнын Чикаго штатында өттү.

КМШдан да жеңүүчүлөр болду. Анын катарында россиялык "Лахта борбор" деген имарат "Бийик имараттын фасады", "Европадагы мыкты бийик имарат", "Бийик имараттардын курулушу" жана "Бийиктиги 400 метрден ашкан имарат" номинацияларына татыды.

1 / 10
Монпелье шаарындагы (Франция) White Tree турак жай комплекси жалбырактары жайылган даракка окшош. Имарат толугу менен ак түстө, ал эми интерьеринде ички панорамалык чоң терезелер жана кенен балкондор камтылган.
2 / 10
Колумбиянын борбору Богота шаарындагы эки мунарадан турган Atrio North Tower имараты. Анын сырты жылуулукту сактап, электр энергиясын аз пайдаланууга көмөк болгон алты миңден ашык айнек күзгү менен жасалгаланган.
3 / 10
Канаданын Калгари шаарындагы Telus Sky имараты. Мунаранын түндүк жана түштүк фасады жарык диоддук дисплей менен капталып, "Түндүк жаркырак" аталышка конгон.
4 / 10
АКШнын Лондондогу элчилигинин имараты. Ал террордук чабуулдардан бекем корголгон өзгөчөлүккө ээ.
5 / 10
Кытайдагы Raffles City Chongqing көп функционалдуу комплексинин асман тиреген сегиз имараты бар. Алардын биринде беш жылдыздуу отель жайгашкан. №1 жана №2 имараттары Янцзы менен Цзялинцзян дарыялары кошулган жерде.
6 / 10
Пекиндеги CITIC мунарасынын формасы илгерки шарап сактоо үчүн колдонулуп келген кытайдын байыркы салтындагы цзунь идишин эске салат.
7 / 10
Израилдеги ToHA Tower имараты айсбергдин формасына окшоштурулуп, түбү кичинекей жерди ээлеген. Өзгөчө конструкцияда жасалган кичинекей пайдубал көлөмдүү техникалык комплексти көтөрүп турат.
8 / 10
Бул үч бурчтуу болуп көрүнгөн Vancouver House бийик имараты Канадада курулган. Ал улам жогорку кабатка бийиктеген сайын кеңейтилип, чарчы формасына келтирилген.
9 / 10
Инновациялык көп функционалдуу коомдук жана ишкерлер комплекси Фин булуңунун жээгинде жайгашкан. "Лахта борбор" мунарасы Европадагы эң бийик имарат болуп саналып, түндүктүн эң суук жагында жайгашканы менен айырмаланат.
10 / 10
Нью-Йорктогу 35 Hudson Yards бийик имараты турак үй жана мейманкана комплекси катары долбоорлонгон. Анын 11 кабаты мейманканага, алтоосу кеңсеге ылайыкташкан. Ал эми экинчи кабаттан 38ге чейинкисинде отель бар.