КамАЗ аласалып кетти. Чүйдөгү үрөй учурган жол кырсыгынын видеосу

Чүй облустук Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкармалыгынан билдиришкендей, каргашадан беш киши жабыркаган, каза болгондор жок. Окуянын чоо-жайы такталып жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Чүй облусунун Степное айылында жүк ташуучу унаа менен жеңил авто кагышкан ири жол кырсыгы болду.
Окуя болгон жерде тартылган видео "Короче" Telegram каналына жүктөлдү.
Кадрлардан оодарылган КамАЗды, анын жанында талкаланган жеңил унаа турганын көрүүгө болот. Анча алыс эмес жерде бир нече киши жатат. Алар жабырлануучулар болушу мүмкүн.
Мерт болгон 5 кишинин арасында бөбөк бар. Суусамырдагы кырсыктын сүрөттөрү
Sputnik агенттигине Чүй облустук Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкармалыгынан билдиришкендей, жол кырсыгында беш киши жабыркаган, каза болгондор жок. Окуянын чоо-жайы такталып жатат.
Башкармалыктын алдын ала маалыматы боюнча, Toyota Ipsum үлгүсүндөгү жеңил унаа алдыда бара жаткан комбайндан озуп өтүүгө аракет кылып, аны жөөлөп алган. Ошол учурда каршы тилкеде келе жаткан жүк ташуучу унаа менен бетме-бет кагышкан.