Аскер прокуратурасы Тимур Файзиевге издөө жарыялады

Кечээ күнү Биринчи май райондук соту Файзиевдин бөгөт чарасын карап, аны сырттан камоо чечимин чыгарды. Учурда бизнесмендин жүргөн жери белгисиз.
Sputnik
БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Аскер прокуратурасы Elite House курулуш компаниясынын жетекчиси Тимур Файзиевге издөө жарыялады. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Коррупциялык схема түзгөн. УКМК Суракматовдун кармалган себебин айтты
Кечээ, 27-майда, Биринчи май райондук соту Тимур Файзиевдин бөгөт чарасын карап, аны №1 тергөө абагына киргизүү чечимин чыгарган. Учурда анын кайсы жерде жүргөнү белгисиз.