1-июнда балдарды кайда алып барса болот? Мэриянын программасы

Балдардын майрамына арналган иш-чаралар ордо калаада 28-майда башталат. 1-июнь күнү бөбөктөрдү бир нече концерттик программа күтөт.
Sputnik
БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Бишкек мэриясы Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата маданий иш-чаралардын программасын жарыялады.
Майрам 1-июнда белгиленет.
28-майда саат 17:00дөн 18:00гө чейин балдардын № 4 өнөр мектебинде "Друзья Незнайки" жана "Царевна–лягушка" театралдык бөлүмдөрүнүн спектаклдери өтөт;