Зидан кызматтан кетип, "Реал Мадрид" клубун машыктырбай калды

Франциялык адис машыктыруучу катары "Реалга" 2019-жылдын 11-мартында кайра келген. Экинчи сапарында ал команда менен Испания чемпионатын жана Суперкубогун уткан.
Sputnik
БИШКЕК, 27-май — Sputnik. "Реал" футбол клубунун башкы машыктыруучусу Зинедин Зидан кызматынан кетти. Бул тууралуу мадриддиктердин расмий сайтында айтылат.
Анда Зидан кызматынан кетери, клуб анын чечимин урматтай турганы жазылган.
"Зинедин Зидан биздин командадагы башкы машыктыруучулук ишин аяктады. Биз анын чечимин сыйлайбыз. Анын кесипкөйлүгү, футболго берилгендиги жана "Реал Мадрид" командасынын катарында болгону үчүн чын жүрөктөн ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Ал "Реал Мадрид" үчүн маанилүү адам экенин, клуб анын үйү болгонун жана ошол бойдон каларын билет", — деп айтылат билдирүүдө.
UEFA "Реал", "Барселона" жана "Ювентуска" каршы иш козгоду
Франциялык адис машыктыруучу катары "Реалга" 2019-жылдын 11-мартында кайра келген. Экинчи сапарында ал команда менен Испания чемпионатын жана Суперкубогун уткан. 2020-2021-жылдагы сезондо падышалык команда UEFA уюмунун Чемпиондор лигасы мелдешинин жарым финалына, ал эми Ла Лиганы (Испания биринчилиги) экинчи орун менен жыйынтыктаган.
Эске салсак, Зидан "Реал" менен Чемпиондор лигасын үч ирет, 2015/16, 2016/17 жана 2017/18-жылдары удаасы менен уткан.