Пресс-борбор

"ЖК той менен тажиянын шартын катаалдатууну көздөөдө. Коом даярбы?" тегерек столу

Иш-чара 27-май күнү саат 11:00дө Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда онлайн-форматта өтөт. Түз эфир Sputnik редакциясынын Facebook баракчасы аркылуу көрсөтүлөт.
Sputnik
Кыргызстанда той, маараке, куран окутуу сыяктуу иш-чараларды тартипке келтирип, айрым чектөөлөрдү киргизүү пландалып жатат. Жогорку Кеңештин сайты аркылуу "Үлпөт той, маараке салтанаттарын, көмүү ырым-жырымдарын жана маркумдун элесине арналган иш-чараларды өткөрүүнү тартипке келтирүү жөнүндө" мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлган.
Демилгечилердин түшүндүрмөсүнө караганда, акыркы жылдары мындай иш-чараларды өткөрүүдө мактануу, өзүн көрсөтүү, ашыкча коромжулук сыяктуу терс көрүнүштөр жана кемчиликтер кездешүүдө. Мындан тышкары, айрым жарандар мындай иш-чараларды өткөрүү үчүн каражатты карызга алып, төлөп бериш үчүн миграцияга кетип жатышат. Ошондой эле кошуналар жана туугандар тарабынан сын-пикирден кутулуунун бирден-бир жолу катары кабыл алууда.
Тегерек столдун катышуучулары: