Жапаров Лейлекте мектептин курулушун баштап берип, жоокерлер менен жолукту

Өлкө башчы аталган окуу жайда кесипкөй адистердин тарбияланарына ишеним артып, алар өз кезегинде мамлекеттин өнүгүшүнө салым кошорун белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Лейлек районунун Борбордук айылында салынып жаткан мектептин курулушуна капсула салды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
1 / 4
Президент Садыр Жапаров Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Лейлек районунун Борбордук айылында салынып жаткан мектептин курулушуна капсула салды
2 / 4
Долбоорго ылайык, мектеп эки кабаттуу болуп, 225 окуучуга ыңгайлашкан
3 / 4
Муну менен бирге Жапаров "Жаңы-Жер" чек ара заставасына да барганы айтылды.
4 / 4
Президент Достук айылынын тургундары менен да жолугуп, жакын арада Баткен облусуна өзгөчө макам берилерин эскертти.
Долбоорго ылайык, мектеп эки кабаттуу болуп, 225 окуучуга ыңгайлашкан.
Муну менен бирге Жапаров "Жаңы-Жер" чек ара заставасына да барганы айтылды.
"Өлкө башчысы жоокерлердин даярдыгын, эрдигин белгилеп, дал ушул сапаттардан улам мамлекеттин бүтүндүгүн сактап калууга мүмкүн болгонун айтты. Мамлекеттик чек аранын коопсуздугун сактоонун маанилүүлүгүнө да токтолду", — деп айтылат маалыматта.
Президент Достук айылынын тургундары менен да жолугуп, жакын арада Баткен облусуна өзгөчө макам берилерин эскертти. Мунун алкагында бир катар жеңилдиктер каралып, салык жана инвестициялык өзгөчө тартип киргизилерин кошумчалады.