УКМК Бишкек менен Чүйдөгү майнинг-фермаларды тапты. Видео

УКМК берген маалыматтарга караганда, алты жерден майнинг-фермалар аныкталып, ишине бөгөт коюлуп, 2000 жабдуусу алынган.
Sputnik
БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагынан электр тармагына ири зыян келтирген майнинг-фермалардын мыйзамсыз иш-аракеттери аныкталып, бөгөт коюлду. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.
"Ыкчам-тергөө иштери Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагынан майнинг-ферманы иштетүүгө электр энергиясы мыйзамсыз берилгенин тапты. Андан сырткары, электр кубатын керектөөдөн ири пайда таап, андан улам республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнө кирбей калган ири өндүрүш ишканаларын аныктады" — деп айтылат маалыматта.
Аталган факт УКМКнын сотко чейинки өндүрүшүнө катталган.
Кылмыш ишинин алкагында төмөнкү даректер боюнча майнинг-ферма иштерин уюштуруу үчүн 2000ге жакын жабдуу алынган:
Учурда УКМК мыйзамсыз иш-аракеттерге тиешеси бар адамдардын бардыгын аныктоо боюнча иш-чараларды улантууда.
Тергөө иштери жүрүп жатат.