Турист Крис Бейтс окуянын кандай болгонун YouTube каналындагы Kruger Sightings деген аккаунтуна жарыялаган.
Анын айтымында, жаныбар өзүнө кол салууга камынган жырткычтардан көлмөгө кирип кетип кутулганы менен беркилер анын ар бир кыймылын аңдып, жээкте ары-бери чуркап жүрүшкөн.
"Гиеналардын олжосун чарчатып, акыры колго түшүрүү үчүн кылган ыкмаларын байкап турдук. Ал жанын сакташ үчүн суунун ортосунда жаткан бегемоттун үстүнө чыгып кетүүгө да аракет кылды", — деген автор.
Антилопанын капыстан жасаган "кадамынан" чочуп кеткен бегемот жээкти көздөй жөнөгөн. Гиеналар анын кардуу караанынан чочуганы менен таптакыр качып кетип калган эмес. Акыры асылган жырткычтардын бири алсыз жаныбарды жээкке жакын жерден тамактан алып кургакка сүйрөп чыгары менен калгандары жабылып келип жеп тынышкан.