Сот Тимур Файзиевдин бөгөт чарасын тандады

Файзиевдин коррупциялык иштерге катыштыгы болушу мүмкүн. Учурда анын кайда жүргөнү белгисиз.
Sputnik
БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Elite House курулуш компаниясынын жетекчиси Тимур Файзиевдин бөгөт чарасын карап, аны сырттан камакка алуу чечимин чыгарды.
Маалыматка караганда, Файзиев коррупциялык иштерге катышкан деп шектелүүдө. Сот аны ЖАМКтын №21 тергөө абагына киргизүү чечимин чыгарган.
Тимур Файзиевдин учурда кайда экени белгисиз.