БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Тажикстан жарандарын Кыргызстанга барбай турууну суранды. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин сайтында жазылган.
Эске салсак, кечээ Тажикстандын "Сомон Эйр" авиакомпаниясынын чартердик каттам менен Бишкекке учуп келген учагындагы тажик жарандары кайра артка кайтарылган. Буга Кыргызстан Тажикстан менен чек арасын убактылуу жапкандыгы себеп болгон.
"Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети 2021-жылдын 21-майындагы №12 буйругун алдын ала эскертүүсүз кабыл алгандыгына байланыштуу Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги жарандарынан ал жакка барбай турууну суранат. Кыргызстандын аймагы аркылуу башка өлкөлөргө өтүүдөн да карманып туруңуздар. Түрдүү транспорт менен жүргүнчү жана жүк ташып иштегендер Кыргызстандан башка үчүнчү өлкөнүн альтернативдик жолдору аркылуу өтүңүздөр", — деп айтылат Тажикстандын ТИМи тараткан маалыматта.
Ошондой эле Тажикстандын жарандары укук бузуп же көйгөйлүү учурга кабылса Бишкектеги элчиликтин +996 500 44 22 11 жана +996 312 51 16 37 номерлери аркылуу байланышса болору кошумчаланат.