БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Окумуштуулардын айтымында, мындай наноматериалдар айрым учурда антибиотиктердин дозасын 6-7 эсеге кыскарта аларын айтып жатышат. Буз өз кезегинде организмге күч келтирбей, патогендердин дары-дармекке көнүп кетүүсүн жайлатат. Иликтөөнүн жыйынтыгы American Chemical Society Applied Materials Interfaces журналына жарыяланганын РИА Новости жазды.
Окумуштуулар ушу тапта дүйнө жүзү боюнча оору көбөйүп, жаңы инфекциялар жаралып, дары-дармек көзөмөлсүз колдонулуп жатканынан улам антибиотик көп пайдаланылганын белгилешүүдө. Антибиотиктерди дайым колдонуу микробдордун аларга туруктуу болуп ыңгайлашуусун шарттайт, бүгүнкү күндө антибиотиктердин көбүнүн бактериялык патогендерге каршы күчү көп жок.
Бирок жаңы антибиотик ойлоп табуу үчүн 10-20 жылга созулган иликтөө, клиникалык сыноо керектелет, ал эми дары-дармек менен дарылоо ушу күнгө чейин инфекция менен күрөшүүдөгү негизги ыкма бойдон калууда.
Бул көйгөйдү чечүүнүн бир жолу — дары-дармекке турукташып калган патогендерди алсыратуучу антимикробдук наногибриддер. Препараттын бейтапка кыйыр таасири болбошу керек. Илимпоздор мындай дары-дармектин артыкчылыгы организмге күч келтирбегенинде жана микробдун ыңгайлашуусун жайлата аларында экенин белгилешти.
Нанобөлүкчөлөрдү "МИСиС" Улуттук илимий технологиялык университетинин окумуштуулары Прикладдык микробиология жана биотехнология илимий борбору жана Бах атындагы биохимия институтундагы кесиптештери менен биргеликте иштеп чыгышкан. Алардын айтымында, күмүштүн бөлүкчөлөрү кошулган бордун гексоганалдык нитридинин негизинде жасалган жаңы наногибрид бактерициддик жана грибокко каршы касиетин көрсөткөн.
Илимпоздор жаңы нанобөлүкчөлөр азыркы антибиотиктерге караганда активдүү заттарды азыраак пайдалануу менен бактериялык популяцияны жок кылууга жөндөмдүү экенин айтышууда. Айрым учурда ортодогу айырма эселеп байкалып келет. Мисалы, E.Coli U-122 штаммына каршы колдонулган гентамициндеги минималдуу концентрация 256мг/л болсо, наногибрид аталган препарат менен 4 мг/л өлчөмүндө ошондой эле натыйжа берет.
"Күмүш бөлүкчөлөрүн пайдалануу бактерициддик натыйжаны арттырууга мүмкүнчүлүк түзөт. Гентамицин толтурулган нанобөлүкчөлөр ичеги таякчаларындагы бактериянын 38 штаммына каршы күрөшө аларын көрсөттү. Ал эми күмүш бөлүкчөлөрү бул санды 47ге чейин жогорулата алды", — дешти илимпоздор.
Мындан тышкары, нанобөлүкчөлөр антибиотиктердин "жүгүн" артынып, кан тамырлардан тканга, кайра ткандан кан тамырларга оңой эле өтө алары аныкталган. Бул ооруган жерге дары үзгүлтүксүз жетип турат дегенди түшүндүрөт. Окумуштуулар аталган препараттар лабораториялык тесттен өткөнүн айтышты.
Учурда илимпоздордун тобу клиникага чейинки сыноолорду улантып жатат. Ал Россия илимдер фондунун № 20-19-00120 долбоорунун алкагында жүрүүдө.