"Ош" базарында рейд жүрүп 300дөн ашык документ табылды

Мамлекеттик каттоо кызматы жоголгон документтерди таап алган адамдарды мекеменин аймактык бөлүмдөрүнө, анын ичинде "Унаа" мекемесинин бардык филиалдарына өткөрүп берүүгө чакырган.
Sputnik
БИШКЕК, 27-май — Sputnik. "Ош" базарында рейд жүргүзүлүп, натыйжада Кыргызстан жарандарынын 300дөн ашык документи табылды. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы кабарлады.
Билдирмеге ылайык, табылган документтерди укук коргоо органдары Мамлекеттик каттоо кызматына өткөрүп беришкен.
"Каттоо кызматы "Табылгалар бюросу" автоматташтырылган маалымат издөө тутумун ишке киргизген. Ал жакка табылган документтер жөнүндө бардык маалыматтар киргизилет", — деп айтылат билдирмеде.
Табылган документтердин тизмеси:
Мамлекеттик каттоо кызматы жоголгон документтерди таап алган адамдарды мекеменин аймактык бөлүмдөрүнө, анын ичинде "Унаа" мамлекеттик мекемесинин бардык филиалдарына өткөрүп берүүгө чакырган.