Өрттөлгөн Максат айылына салына турган үйлөр менен бала бакчанын эскизи

Бүгүн Садыр Жапаров Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында жайгашкан Максат айылындагы талкаланган үйлөрдү көрүп жана учурда жүрүп жаткан курулуш иштери менен таанышты.
Sputnik
БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Президенттин маалымат кызматы Тажикстандын куралдуу кол салуусунан Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы өрттөлгөн Максат айылында кайрадан салына турган үйлөр менен бала бакчанын эскизин жарыялады.
1 / 2
Президенттин маалымат кызматы Тажикстандын куралдуу кол салуусунан Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы өрттөлгөн Максат айылында кайрадан салына турган үйлөр менен бала бакчанын эскизин жарыялады
2 / 2
Жапаров бүгүн, 27-майда, Баткен облусуна жасаган иш сапардын алкагында кыргыз-тажик чек арасында жайгашкан Максат айылына барды.
Жапаров бүгүн, 27-майда, Баткен облусуна жасаган иш сапардын алкагында кыргыз-тажик чек арасында жайгашкан Максат айылына барды.
"Мамлекет башчы талкаланган объектилерди, өрттөлгөн мектепти карап чыгып, аны менен катар эле бузулгандарынын ордуна салынып жаткан билим берүү объектилери менен тамдардын курулушун көрдү. Тагыраагы, ал жерге түшө турган 100 орундуу эки кабат бала бакчанын долбоору менен таанышты", — деп айтылган маалыматта.
Жапаров жергиликтүү элге жолугуп, алар көтөргөн маселелерди чечүүнү аткаминерлерге тапшырган. Маалыматта объектилерди салуу жана кайра калыбына келтирүү иштерин өз убагынан кечиктирбей бүтүрүүгө тапшырма бергендиги айтылат.