БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Бишкек мэриясы балдардын оюн-зоок борборлорун ачуу боюнча маселени карап жатат. Бул үчүн социалдык маселелер боюнча шаар жетекчисинин орун басары Виктория Мозгачева Балдардын көңүл ачуу борборлору ассоциациясынын өкүлдөрү менен кезикти.
Муниципалитеттин маалыматына караганда, жолугушууга "Технопарк", "Азия Молл", "Иллюзион", "Скай парк" жана "Бублик" борборлорунан келишкен.
"Биз аталган борборлорду атайын алгоритмди жана санитардык-эпидемиологиялык нормаларды сактоо шарты менен иштетүү мүмкүнчүлүгүн талкууладык. Ассоциация өкүлдөрү бардык талаптарды аткарып иштөөгө даяр экенин билдирди", — деди Мозгачева.
Вице-мэр бул маселе шаардык эпидемия жана эпизоотияга каршы комиссиянын кезектеги жыйынында караларын айтты.
Эске салсак, борбор калаада эпидемиологиялык абал оор бойдон калууда. Бишкек шаары ушул тапта "кызыл зонада" турат.