Кечээ Айзада Канатбекованын өлүмү боюнча иш токтотулганы маалым болуп, муну милиция шектүүнүн көз жумгандыгы менен байланыштырды. Иш жабылганы менен ала качуу темасы жабылып калбаш керек. Анткени ар бир адамдын Айзада, Бурулайга окшогон кызы, эжеси, карындашы бар...
Канткенде зордук-зомбулукту, анын ичинде ала качуу деген терс адатты алдын алып, токтото алабыз? Коомдун аң-сезимин өзгөртүү үчүн эмне кылуу керек? Sputnik Кыргызстан агенттиги ушул жана башка суроолорго жооп издеп, өткөн окуяларга сереп салып, ала качуунун айланасында атайын чакан тасма даярдады.