Биринчи айым Айгүл Жапарова коронавируска каршы вакцина алды

Өлкөдө Россиянын Спутник V жана Кытайдын Sinopharm препараттары колдонулууда. Бирок россиялык вакцинанын көлөмү чектелүү болгондуктан 65 жаштан жогоркуларга гана берилип жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарова коронавируска каршы вакцина алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
1 / 2
Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарова коронавируска каршы вакцина алд
2 / 2
Жапарова вакцинанын кайсы түрү менен эмделгени айтылган жок.
Жапарова вакцинанын кайсы түрү менен эмделгени айтылган жок.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда 65 жаштан жогорку курактагы адамдарга россиялык Спутник V вакцинасы сайылса, калгандары Кытайдын Sinopharm препараты менен эмделүүдө.