БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин Кыргызстандын өлкө башчысы Садыр Жапаровдон уу коргошун тууралуу өзү сурады. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.
Анын айтымында, лидерлер бул теманы 24-май күнү Сочи шаарында жолукканда козгошкон.
"Владимир Владимирович өзү сурап, Садыр Нургожоевич уу коргошун айрым адамдарга жардам берерин айтып берди. Путиндин кызыкканынын себеби — бул каражат Россияда дагы айрым ооруларга дары катары колдонулат", — деди Бейшеналиев.
Министр кошумчалагандай, уу коргошунду мурда колдонгон россиялык окумуштуулар менен анын касиетин талкуулап, коронавируска каршы каражат катары биргеликте изилдеп көрүү мүмкүнчүлүгү каралып жатат.
"Россиянын профессорлору менен сүйлөшүп жатканыбыздын себеби бизде лабораториялар жок. Президенттердин жолугушуусунда биргеликте изилдөө боюнча сөз болгон жок. Болгону Путин уу коргошун тууралуу суроо берди", — деди министр.
Кийинчерээк Жапаровдун маалымат катчысы Эрбол Султанбаев уу коргошун тууралуу сөз расмий сүйлөшүү учурунда козголбогонун билдирди. Андан кийинки комментарийинде министр аконит бейрасмий сүйлөшүүлөр учурунда талкууланганын айтты.
Уу коргошун чуусу
Апрель айынын ортосунда президент Садыр Жапаров Кыргызстандын дарыгерлери коронавирустан 2-3 күндө айыктырган ыкма тапканын айткан. Көп өтпөй социалдык тармактагы баракчасына он чакты киши атайын аппараттын жардамы менен бөтөлкөлөргө саргыч түстөгү суюктукту куюп жаткан видео жарыялаган. Анда бөтөлкөлөрдүн сыртында "Уу коргошун" жана "Иссык-Кульский корень" деген жазуулар бар экенин көрүүгө болот.
Кийин Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Назира Артыкованын жерлгиликтүү ЖМКларга "Ысык-Көл тамырынын" кайнатмасы менен коронавирусту дарыласа болот деп ойлоо туура эмес экенин айткан. Ал журналисттердин "Сөз болуп жаткан кайнатма менен коронавирустан арылса болобу?" деген суроосуна: "Мүмкүн эмес. Бардык жерде илимий далил керек", — деп жооп берген.
Ал эми далилдүү медицина боюнча адис Бермет Барыктабасова "Ысык-Көл тамыры" Кыргызстандагы эң уулуу чөп экенин айтып, анын кайнатмасын пайдалануу элдин саламаттыгына коркунуч жаратарын билдирген.
Көп өтпөй уу коргошунга ууланган бир нече киши ооруканага түшкөн.